Парламенттин кароосуна Кыргызстанда порнографиялык мазмундагы сайттарга тыюу салууну сунуштаган мыйзам долбоору келип түштү.
Документтин максаты — «коомдун моралдык жана адеп-ахлактык баалуулуктарын коргоо».
Демилгечи депутаттардын айтымында, жалпыга жеткиликтүү сайттардагы порнографиялык контенттен улам «адамдардын руханий-адеп-ахлактык, моралдык жана этикалык аң-сезими бузулууда».
«Бул көбүнчө балдарга тиешелүү, анткени алардын инсандыгы толук калыптана элек, алар интернеттеги маалыматтардын таасирине оңой кабылышат», — деп жазылган мыйзам долбоорунун түшүндүрмөсүндө.
Авторлордун маалыматына ылайык, азыркы мыйзамдар порнографиялык материалдарды өлкөгө алып кирүүгө, даярдоого жана пропагандалоого тыюу салат, бирок мындай материалдарды интернетте жайылткандарды жазалабайт.
«Интернет мейкиндиги көзөмөлсүз калууда. Бул сайттардын ээлерине жол берилгис контентти эркин жана жазасыз жайылтууга мүмкүндүк берүүдө», — деп билдиришти алар.
Демилгечилер интернет-провайдерлерди, хостинг-провайдерлерди жана сайттардын ээлерин эскертүү берилгенден кийин бир сутканын ичинде порнографилык контентти өчүрүүгө милдеттендирүүнү сунуштап жатышат.
Бул талаптан баш тарткан же контентти кечирээк өчүргөн учурда сайттын иши эки айга токтотулушу ыктымал. Ошол эле маалда сайттын иши тыюу салынган контент өчүрүлгөндөн кийин гана калыбына келтирилиши мүмкүн.
Документте ар бир жаран тиешелүү органдарга кайрылып, мындай контенттин жайылуусун токтотуу боюнча чара көрүүнү өтүнө алары белгиленген.