Журналист Улукбек Бабакулов фейсбук барагына Жаза аткаруу кызматынын Молдовановкадагы №27 тергөө абагында жана башка камак жайларында айыпталуучуларга зомбулук көрсөтүлүп жатканын жазып чыкты.
Ал бул кабарды Молодовановка айылынын тергөө абагындагы айыпталуучулардын туугандары билдиргенин белгиледи.
«Маалымат булагы рейд 9-январда башталганын билдирди. Анын айтымында, бир нече колониядагы айыпталгандарды таң атпай сабап башташкан, ал эми 23:00дө №27 тергөө абагына атайын бөлүктөгү аскерлер барган. Жаза аткаруу кызматынын аскерлери тууралуу сөз болуп жатышы мүмкүн», — деп жазды ал.
Жаза аткаруу кызматы бул маалыматты төгүндөп, 9-январда тергөө абагында тинтүү жүргөнүн билдирди. Мекеменин маалыматына ылайык, кызматкерлер уюлдук телефондорду жана тыюу салынган курч буюмдарды табышкан.
Ошондой эле тинтүү учурунда каршылык көрсөткөн 12 айыпталуучу жазалоо изоляторуна которулганын кошумчалашты.
Буга чейин ЖАКтын тергөө камак жайларында айыпталуучулар менен соттолуучуларды уруп-сабаган учурлар болуп жатканы кабарланган, Башкы прокуратура текшерүү ишин баштаган.