УКМК 13-январда Баткен облусуна караштуу Разоков шаарындагы кыш чыгаруу завод жер тилкелери менен ыктыярдуу түрдө мамлекетке өткөрүлгөнүн билдирди.
Маалыматка ылайык, 226 млн сомго бааланган завод 1994-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Анда мамлекеттин үлүшү 30% түзуп, бирок мамлекет «АООТ-Исфана» компаниясынан бир да жолу дивиденд алган эмес.
Алдын ала жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгында, завод жана 12,558 чарчы метр жер тилкеси Раззаков шаарынын мэриясына өткөрүлүп берилди.
Буга чейин Эл аралык ишкерлер кеңеши былтыр Кыргызстандагы ишкерлерге басым күчөгөнүн маалымдаган. Алар текшерүү, мүлктөрүнүн мамлекетке алынышынан улам кыйынчылыкка туш болуп жатканы айтылган.