Бул тууралуу 14-январда анын партиялашы Кадырбек Атамбев билдирди.
Атамбаевдин айтымында, Катагановдун кайсыл жерде экени азырынча белгисиз.
«Муну саясий куугунтук жана коркутуу катары кабылдайбыз. Мындай аракеттер “адам уурдоонун” белгилерин дагы бир ирет көрсөтүүдө — талапкерлерди алып кетип эле жатышат, жай эле чакырып, адвокаттын катышуусунда мыйзамдуу сурака алууга эч кандай тоскоолдуктар деле жок эле»,
— деди Атамбаев
Буга чейин партия мүчөсү Жанна Самышева камака алынып, аны менен адвокаттары жолуга албай жатканы айтылган.
13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штабында тинтүү жүрүп, партиянын лидери Темирлан Султанбеков жана мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Турксевер камакка алынган.
Аларга «Добуш сатып алуу» беренеси менен айып тагылып, партия 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештердеги шайлоодон четтетилген.