Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Жамалбек Ырсалиев «Биринчи радио» түз обосунда билдирди.
Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин токтому менен мэрия троллейбустардын бир бөлүгүн Ош шаарына өткөрүп берген болчу.
«Калган троллейбустарга батарея орнотуп, электробуска айлантабыз. Бул троллейбустар 2017-жылы чыгарылган, буга толук ылайыктуу», — деди Ырсалиев.
2024-жылдын май айында мэрия 100 троллейбусту Ош шаарына өткөрүп берип, ордуна 120 электробус сатып алуу чечимин кабыл алган. Жергиликтүү активисттер каршы чыгып, мындай кадам ашыкча чыгым экенин жана электробустардын аккумуляторлорун сактоо, кийин аны жок кылуу экологиялык көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн экенин белгилешкен.