Президент Садыр Жапаров «Ишкерлердин укуктарын коргоо жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча долбоорго кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Президент өзгөртүүлөр мамлекеттин айымдардын ишкердигин колдоо жана аларды иш менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу үчүн кабыл алынганын айтты.
Мыйзамга ылайык, жеке ишкер катары иш алып барган айымдар же компаниядагы акциялар менен иш орундарынын 51%дан ашыгы аялдарга таандык болгон компаниялар колдоо ала алат.
Ошондой эле билдирүүрө саясий жана экономикалык чечимдерди кабыл алган кызматтарда аялдардын саны аз экени кошумчаланды.
Статистикага ылайык, жетекчи болуп иштеген жана мамлекеттик кызматты аркалаган аялдар аз. Алардын саны бизнес чөйрөсүндө да аздык кылат.