Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия маморгандардын кызматкерлери үчүн кыргыз тилин билүү деңгээлин жана мөөнөтүн аныктады. Минкабдын тиешелүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды.
Документтин авторлору Кыргызстандын жараны болгон мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн төмөндөгүдөй талаптарды киргизишкен:
- 2025-жылдан тарта — орто деңгээлден төмөн эмес (B1);
- 2027-жылдан тарта — ортодон жогорку деңгээлден төмөн эмес (B2).
Биринчи категорияга туура келбеген мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер (анын ичинде педагогдор, илимий кызматкерлер жана медиктер) үчүн төмөндөгүдөй мөөнөттөр белгиленген:
- 2026-жылдан тарта — орто деңгээлден төмөн эмес (B1);
- 2028-жылдан тарта — ортодон жогорку деңгээлден төмөн эмес (B2).
Ошол эле маалда Кыргызстандын аймагында туруктуу жашаган жана мамлекеттик түзүмдөрдө иштеген этникалык азчылыктардын өкүлдөрү үчүн талаптар жеңилирээк:
- 2026-жылдан тарта — базалык деңгээлден төмөн эмес (A2);
- 2028-жылдан тарта — орто деңгээлден төмөн эмес (B1).
Документтин түшүндүрмөсүндө 2025-жыл өткөөл мезгил деп жарыяланганы жазылган. Бул мезгилде кыргыз тилин талап кылынган деңгээлде билбеген кызматкер ишинен төмөндөтүлбөйт.
2023-жылы июлда президент «Мамлекеттик тил жөнүндө» конституциялык мыйзамга кол койгон. Анда мамлекеттик тил колдонулушу керек болгон тармактар тизмектелген.
Алсак, кыргыз тили мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана мамлекеттик ишканалар үчүн жумушчу тил болгон. Ошондой эле мамлекеттик кызматкерлер, депутаттар, педагогдор, судьялар, прокурорлор, адвокаттар, медицина кызматкерлери жана башка категориядагы жарандардын тобу кыргыз тилин билүүгө милдеттендирилген.