Кенесары хандын өлүмүнө байланышкан чуу: Ырчы Кайрат Примбердиев түшүндүрмө берди

Image descriptionКайрат Примбердиев казакстандык «Айран» басылмасына маек куруп, Кенесары хандын өлүмүнө байаныштуу өз атынан казак элинен кечирим сураган. Ал Ормон хан Кенесарыны «өлтүрүүгө мажбур болгонун» белгилеп, окуянын чоо-жайын түшүндүргөн.

Көп өтпөй маданият министиринин орун басары Марат Тагаев ырчыны сынга алган. Ал «мындай көрүнүш жана коңшу өлкөлөрдөн пропагандасы жаштар менен маданият ишмерлерине таасир этип жатканын» айткан.

Тагаев Ормон ханды мамлекеттүүлүктүн калыптанышында орду чоң экенин айтып, «кыргыз тарыхына өз көз карашыбыз менен карашыбыз керек» деп белгилеген.

Ырчы бул боюнча түшүндүрмө берди. Ал Кенесарынын өлүмү боюнча жеке өз атынан кечирим сураганын, дээрлик бир саатка созулган маектин кечирим сураган бөлүгү гана жарыяланганып калганын айтты.

«Эгер маекти толук угуп чыксаңыз, менин чын жүрөктөн жана ынанымдуу айткан сөздөрүмдүн мааниси түшүнүктүү болот», — деди ал.