Ысык-Көлдүн Тоң районундагы ишкер Бактыбек Жусупов УКМКнын жергиликтүү башкармалыгы ал сатып алган «Барбулак» санаторийин мамлекетке өткөрүп берүүнү талап кылып жатканын билдирди. Ал көйгөйүн журналист Эламан Карымшаковго айтып берген.
Ишкердин айтымында, ал санаторийди 2006-жылы сатып алган, бирок иш баштоого түрдүү тоскоолдуктар болгон. Тоңдун айыл өкмөтү алмашкан соң, жергиликтүүлөр менен келишим түзүп, оңдоо иштерин баштаган.
Келишим боюнча, ишкер санаторийдин 25 бөлмөсүн айыл өкмөткө берип, жашоочуларды ишке тартуу жана аймактан азык-түлүк сатып алуу милдетин алган. Бирок, кийин айылдын үч тургуну ал жер Дыйкан чарбанын менчиги экенин айтып прокуратурага арызданган.
Сегиз жылга созулган соттук териштирүүдөн соң райондук, облустук жана Жогорку сот ишти Жусуповдун пайдасына чечкен. Ишкер ошого карабай атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыгы санаторийди мамлекетке өткөрүүп берүүнү талап кылып жатканын айтты.
«Мен бул жерди күрөөгө коюп, оңдоо иштерине кредит алгам. Өткөрүп берүү үчүн алгач ошол кредитти жабуу керек», — деди Жусупов.
Ишкер бул боюнча президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жана башкы прокурор Максат Асаналиевге кат жолдогонун, бирок эч кандай жооп ала элек экенин кошумчалады.
Бул иш боюнча УКМКдан комментарий алууга мүмкүн болгон жок.