Султанбеков 63 күндөн бери ачкачылыкта. Ал өз алдынча баса албай калганы айтылды

Image description«Социал-демократтар» партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков 13-ноябрдан бери ачкачылык кармап келе жатат. Анын ден соолугу кескин начарлап кеткени тууралуу пратиялашы Роза Турксевер билдирди.

Ал Кадыр Атамбаевге абактан кат жазып, Султанбековдун сол буту шилтенбей калганын, көкүрөк тушу ооруп, колдорун калтырак баса баштаганын айткан.

«Кадыр, сураныч, бир нерсе кылыш керек, шашылыш. Бул жакка адистерди чакырып же ооруканага жаткырса болобу? Бардык аракетиңерди түшүнөм, бирок абал чындап эле олуттуу болуп турат», — деген ал.

Пзырынча Жаза аткаруу кызматы Султанбековдун абалы тууралуу маалымат бере элек.

13-ноябрда «Социал-демократтар» партиясынын штабы тинтилип, партиянын лидери Темирлан Султанбеков жана мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Турксевер камакка алынган.

Аларга «Добуш сатып алуу» беренеси менен айып тагылып, партия 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештердеги шайлоодон четтетилген.