УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев жогорку окуу жайлардын кызматкерлерине профилактикалык кеңешме өткөрдү. Ал кызматкерлерди таза, адилеттүү иштөөгө чакырып, жемкорлук менен бирге күрөшүүгө үндөдү.
Ташиев 2020-жылдын октябрынан бери билим берүү тармагында 34 кызматкер кылмыш жообуна тартылып, 42 кызматкер иштен айдалганы жана мамлекеттин пайдасына 207 млн 700 миң сом өндүрүлгөнүн билдирди.
Атайын кызматтын башчысы коррупциянын жайылышына жол бербөө жана мыйзамга таянып иш алып баруу зарыл экенин баса белгиледи.
Ал 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупцияны 5-10 пайызга кыскартууну көздөп жатканын айты. Ошондой эле ал учурда жемкорлуктун деңгээли 70-80 пайыздан 30-40 пайызга түшкөнүн кошумчалады.
Мындан тышкары, Ташиев 2020-жылдын октябрынан бери коррупция боюнча 1 373 адам кылмыш жообуна тартылып, 168 миллиард 287 миллион сом өндүрүлгөнүн белгиледи. Дагы 1 174 объект мамлекетке алынган.