Ташиев: Мамлекет үчүн кримтөбөл Көлбаевди жок кылууга аргасыз болдум

Image descriptionУКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кримтөбөл Камчы Көлбаевди жана анын кылмыштуу тобунун «мамлекет үчүн жок кылууга аргасыз болгонун» билдирди. Бул тууралуу ал жогорку окуу жайдын кызматкерлери менен жолукканда айтты.

Ташиев кезинде кылыштуу топтор өлкөдөгү бийликти басып алганын, жер жерлерге өз кишилерин коюп аймактарды көзөмөлдөп келгенин белгиледи.

Ал эми кылмыштуу топтор мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылбай турганын айтып, өлкө өнүгүү жолуна түшкөнүн кошумчалады.

«Чоң өлчөмдөгү акчасы болгон, миллиарддаган долларларын тартып алдык. Азыр эч нерселери жок. Мындан ары кылмыштуулук деген, бандиттер деген болбойт»,
— деди ал.

Ошондой эле ал 2025-2026-жылдары өлкөдөгү коррупцияны 5-10 пайызга кыскартууну көздөп жатканын билдирди.