Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук комитети 21-январдагы жыйынында бир катар конституциялык мыйзамдарга, анын ичинде президентти шайлоо жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси — депутат Жеңишбек Токторбаев. Ал коррупция үчүн соттолгон жарандарга соттуулугу жоюлган учурда да президент, премьер-министр кызматтарында иштөөгө же депутат болуп шайланууга тыюу салууну сунуштоодо.
Депутат бүгүнкү күндөн тарта коррупция үчүн жазадан айып төлөп кутулуу мүмкүндүгүн жое турган мыйзам күчүнө киргенин эске салды.
«Мурдагы бийликтен айырмаланып, азыркы президенттин демилгеси менен таза жолго аттандык деп эсептейм. Анткени канча президент келген, ушул мыйзамдарды бир дагы депутат колдоп, мыйзам долбоорун көтөрүп чыккан эмес. Анткени ошол жердеги аткаминерлердин бардыгы коррупцияга шектелип, мыйзамсыз байыган адамдар болчу»,— деди Токторбаев.
Депутат Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду мисал келтирди. Ал «мыйзамсыз байыган Райым-миллион азыр — нөл болуп калганын» белгиледи.
«Андан башка дагы канча деген камала турган, мамлекетти талап-тоноп жеген биздин аттуулдар бар, ошолордун баары камалышы керек. Аларга биз жол бербешибиз зарыл. Алар үчүн жол жок. Мамлекетти талап-тоноп, уурдаган акчасынын жарымын берип, акталып, кайра келип уурулугун улантпашы керек»,— деди эл өкүлү.
Декабрдын соңунда президент жемкорлорго жазаны күчөткөн мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, коррупциялык беренелер менен соттолгондор эми жазадан айып төлөп кутула алышпайт. Мындан тышкары аларга өмүр бою мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштөөгө, ошондой эле келишимдик негизде аскердик кызматка кирүүгө тыюу салынат. Коррупциялык кылмыш оор же өтө оор болгон учурда мындай тыюулар күнөөлүүлөрдүн жакын туугандарына да тиешелүү болот.