2022-2024-жылдары Баткен облусунун Лейлек райондук маданият бөлүмүндө жасалма эсеп тизмелери аркылуу 6 млн. 523 миң 917 сом уурдалганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, кылмышка мекеменин башкы эсепчиси шектелүүдө.
Бул боюнча «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» жана «Кызматтык жасалмачылык» беренелери менен кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүүдө.