Гемодиализдеги бейтаптар коомдук бирикмесинин негиздөөчүсү Санабат Матанова Кадамжай районундагы «Саламат» оруканасында кан алмаштыруучу аппараттар иштебей жатканын билдирди. Бул тууралуу ал «Кактус Медиага» курган маегинде айтты.
Ал аталган ооруканада буга чейин дагы аппараттар жакшы иштебей, сынып, бейтаптарга ыңгайсыздык жаратып келгенин белгиледи.
«Аппарат гемодиализ учурунда бузулат. Аны кызматкерлер оңдоого аракет кылышат, бирок бейтаптар бизге оңдоого мүмкүн болбой жатат деп кайрылууда», — дейт ал.
Матанованын айтымында, бейтаптардын көбү гемодеалез үчүн жеке медициналык мекемелерге барат. Анын 6 800 сом акысын мамлекет төлөйт, бирок, гемодиализдин сапаты ар жерде ар түрдүү. Бул маселени чечип берүү өтүнүчү менен ал Саламаттык сактоо министрлигине кайрылганын айтат.
«Биз жалпы көйгөй боюнча алты ай мурда прокуратурага да кайрылганбыз. Акыркы үч айдан бери Баткен боюнча кат жазып жатабыз. Алар маселени 14 күн ичинде карашы керек болчу, бирок азыркыга чейин жооп жок» — деди ал.
Саламаттык сактоо министрлигинин Баткен облусу боюнча координатору «Клоопко» бул боюнча эч кандай кайрылуу түшпөгөнүн билдирди. Ал эми Матанова айтып жаткан медициналык борбор «жеке менчик болгондуктан, көзөмөлгө алынбай турганын» айтты.
Министрликтин баткендеги өкүлү Кадамжайдан алыс эмес Кызыл-Кыя шаарындагы ооруканаларда гемодиализ алуу мүмкүнчүлүгү бар экенин кошумчалады.