Шаардык сот да Темирлан Султанбековду абакта калтырды

Бишкек шаардык соту Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбековду камакта калтыруу тууралуу буга чейинки соттун өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу анын партиялашчысы Кадырбек Атамбаев билдирди.

«Сот укук коргоо органдарын колдоп, чечимди мыйзамдуу деп тапты [...] Сот отурумуна маалымат каражаттардын өкүлдөрүнө кирүүгө жана видеокөзөмөл жүргүзүүгө кайрадан тыюу салынды», — деди ал.

Султанбеков 60 күндөн ашык ачкачылыкта болгондуктан сотко таяк таянып келгени айтылды. Ал сотто жаңы кылмыш иштерин токуу аракети болуп жатканын белгиледи.

«Ал “добуш сатып алуу” боюнча далилдер жетишсиз болгондуктан жаңы айып тагылышы мүмкүн деген пикирде»,
— деди Атамбаев.

Ал саясатчынын адвокаттары жогорку инстануияга апелляциялык арыщ берүүнү пландап жатканын кошумчалады.

Буга чейин адвокат Айбек Турдуев Султанбеков өз алдынча баса албай калганын кабарлаган. Ошондой эле ал жолугушууда денеси көгөрүп калганын, буга кан айлануунун начарлашы себеп болушу мүмкүн экенин айткан.

Андан мурдараак Султанбековдун абалы оор болуп, дарыгерлерге муктаж экени маалымдалган.

Султанбековдон тышкары партиянын дагы эки мүчөсү добуш сатып алуу айыбы менен абакта жатат.