Ипотекага алынган батирлер ижарага берилсе, мамлекетке кайтарылат

Image descriptionБул тууралуу президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаев билдирди.

Анын айтымында, ипотекага алынган батирлерди ижарага берүү мыйзамга туура келбейт, мындай учурда турак жай алынып, кезекте турган кийинки адамга берилет.

«Ипотека толугу менен төлөнүп, документтери өткөрүлүп берилгенден кийин, батирдин ээси аны ижарага береби-жокпу өзү чечет», — деди ал.

Туманбаев былтыр 1059 батир ипотекалык негизде берилип, быйыл Бишкекте дагы 10 миң 700 кишини үй менен камсыз кылууну көздөп жатышканын кошумчалады.

Буга чейин социалдык тармактарда ипотекалык негизде берилген үйлөрдүн ижарага берилип жатканы тууралуу сүрөт, видеолор тараган болчу.