Минкабдын тиешелүү токтом долбоору 21-январда коомдук талкууга чыгарылды.
Бул сунушту мекемелер аралык жумушчу топ бир айга жакын убакыттын ичинде иштеп чыкты.
Анда бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн — 0,5-1% чени менен иштеген ишкердик субъектилерди ЭТТКдан бошотуу сунушталууда. Мындай салык чени менен базарлардагы соодагерлер жана майда-дүң дүкөндөрү иштейт.
Мындан тышкары ЭТТКдан «Дордой» жана «Кара-Суу» базарларынын аймагындагы эркин соода субъектилерин да бошотуу сунушталууда. Аларга өзгөчө эрежелер белгилениши мүмкүн:
- импорттоочулар товарды соода аймактарынын ичине жеткирүү үчүн электрондук эсеп-фактурасын толтурушат, бирок бул этапта алардан ЭТТК талап кылынбайт;
- соода аймактарынын ичинде катышуучулардын ортосундагы товар сатуу ЭТТК, ЭЭФ жана ККМсиз жүргүзүлүшү мүмкүн;
- эгер товар соода аймагынын сыртына сатыла турган болсо, жеткирүүлөр эсеп-фактурасынын кагаз же электрондук түрлөрүнүн бири менен таризделет.
Товарларды соода аймактарынын сыртына жеткире турган импорттоочулар аларды ЭТТК системасына киргизип, документтерди товардын деталдуу кодун көрсөтүү менен тариздөөгө милдеттүү болушат.
Демилгенин авторлору ЭТТК акциздик товарлардын бардыгына — мунайга, алкоголдук продукцияларга, тамекиге, дары-дармектерге жана медициналык каражаттарга милдеттүү бойдон каларын белгилешти.
«Ошол эле маалда бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн чендери менен катталган ишкерлерге жана өзгөчө режимдеги соода аймактарында иштеген салык төлөөчүлөргө курамында кум шекер бар суусундуктар үчүн ЭТТК акырындык менен киргизилет», — деп кошумчалашты авторлор.
Муну менен катары Минкаб ЭТТК системасын жакшыртуу мүмкүндүгүн карап жатат. Буга товарлардын атайын белгилерин (маркировка кодун) милдеттүү көрсөтүүнү жокко чыгаруу сыяктуу жеңилдиктер кирет.
Кыргызстанда ЭТТКны толтуруу 2023-жылдын башынан бери милдеттүү болуп калган. Бирок бул талап жана салык тармагындагы башка жаңы киргизилген эрежелер көп жолу соодагерлердин нааразычылык акцияларына себеп болгон.
Былтыр 23-декабрда парламенттин бюджет комитетинин жыйынында Алмамбет Шыкмаматов ЭТТКны салыктык жана бюджеттик негизги беш гана товар түрүнө калтырууну сунуштаган: мунай, алкоголь ичимдиктери, тамеки, дары-дармек жана медициналык буюмдар. Ошондой эле ал ЭТТК шашылыш түрдө жана жетиштүү изилденбей киргизилгенин белгилеген.
Кийинчерээк Минкаб ЭТТКны жокко чыгарбай, жөнөкөйлөтө турганын маалымдаган.