Атамбаев «Социал-демократтар» партиясынын дагы бир мүчөсү кармалганын билдирди

«Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев кечээ кечинде ИИМдин экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмү партиялашы Эрмек Эрматовду кармап кеткенин кабарлады.

Ал Эрматовдун кайда экени белгисиз болуп жатканын, жада калса жакындарынын кабары жок экенин белгиледи.

«Азыр таңкы саат беш, адвокаттар менен аны кайда алып кетишкенин аныктоо үчүн издөө иштерин улантып жатабыз […] Түнү бою бир нече милиция бөлүмүнө бардык. Бирок, алар кайда экенин айтышкан жок жана Султанбеков кармалгандагыдай эле бизли адаштырып жатышат»,
— деди ал.

Атамбаев кечээ күнү апасы Раиса Атамбаева менен Бишкек шаардык милициясына сурак берип чыкканын белгиледи.

«Кактус Медианын» маалыматы боюнча, алар добушун сатып алуу иши боюнча сурак берген. Андан соң экөө тең маалыматты ачыкка чыгарбоо тууралуу тил катка кол коюшкан.

«Мени суракка партиялаштымды таап, аны коргоого мүмкүнчүлүк бербөө максатында чакырышкан деп ойлойм […] Эрмек Эрматов — үч жаш баланын атасы, үй-бүлөсү тынчсыздууда»,
— деп баса белгиледи ал.

Милиция Эрматовдун кармалганы жана Атамбаевдердин суракка чакырылганы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Буга чейин партия мүчөлөрү Жанна Самышева менен Анарбек Катаганов дагы добушун сатып алуу иши боюнча күбө катары сурак берип чыгышкан.

Ушул эле иш боюнча партия лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевер камакта. Партия болсо былтыр ноябрындагы Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуудан четтетилген.