ТИМ: Түркияда кыргызстандык аялын сабаган шектүү кармалды

Image descriptionКыргызстандык Гүлзат Козубекованын Түркияда жолдошу тарабынан сабалганын коомдук ишмер Ассоль Молдокматова айтып чыкты.
Ал жабырлануучу учурда ооруканада экенин белгилеп, агасы ага жардам берүү үчүн Анталияга учуп кеткенин билдирди.
Жабырлануучунун агасынын айтымында, Козубекованын жолдошу — Түркиянын жараны. Ал буга чейин Козубекованын баласын да алып койгонун кошумчалаган.
Ассоль Молдокматова Тышкы иштер министрлиги менен түрк бийлигин Козубековага көмөк көрсөтүүгө чакырды.
ТИМ кыргызстандык аялдын сабалганы тууралуу маалымат аларга 21-январда келип түшкөнүн билдирди. 

Министрликтин маалыматына ылайык, консулдук жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын аракети менен Козубековага баласы кайтарылып берилди. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, жолдошу кармалды.