Соцтүйүндө Жапаров менен Ташиевди опузалап пикир жазган киши кармалды

Image descriptionУКМКдан «массалык башаламандык уюштурууга» шектелип кармалган ал адам Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экенин билдиришти.

Ал «Көлбаевдин өлүмү үчүн өч алуу максатында соцтүйүнгө фейк аккаунт менен пикир жазганы» айтылат.

«Кыргыздын жигиттери даяр болгула. Садырдын, Камчынын үйлөрүн курчагыла, качырбайбыз, баарыбыздын башыбызга келет. Канга — кан, жанга — жан. Ташиевдин апасын ушундай ыйлатабыз, кыргыздын апалары кор болду», — деп жазган ал. 

Шектүү тергөө абагынада, анын кылмыштуу байланыштарын аныктоо иши жүрүүдө.

Мекемеден шектүү мурда «Адам уурдоо», «Баңгизатты мыйзамсыз даярдоо» беренелери менен соттолгонун кошумчалашты.

Акыркы жылдары өлкөдө «Жапырт башаламандыктар», «Бийликти күч менен басып алууга чакырык жасоо», «Раса, улут, дин жана аймак аралык кастыкты козутуу» беренелери боюнча айыпталган адамдардын саны өстү. Акыркы төрт жылда жогорудагы беренелер боюнча айыпталган 140 киши камакка алынган.