Мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине жеке клиникаларда иштөөгө тыюу салынды

Image descriptionПрезидент Садыр Жапаров «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө кол койду.

Документ 3-февралда күчүнө кирет.

Өзгөртүүлөргө ылайык, мамлекеттик ооруканалардын жетекчилерине бир эле убакта жеке клиникаларда да иштөөгө тыюу салынат.

«Бул талапты аткарбоо — алардын 10 иш күнүнүн ичинде ээлеген кызматынан бошотулушуна алып келет»,— деп жазылган документте.

Документтин авторлорунун пикиринде, мындай чара коррупциялык схемаларды азайтууга, коомдун дарыгерлерге болгон ишенимин жогорулатууга жана медицинанын сапатын жакшыртууга жардам берет.

Алар мамооруканалардын жетекчилери бир эле учурда жеке клиникаларда иштегенде коомдун жана мамлекеттин саламаттык сактоо тармагындагы кызыкчылыктарына жеке кызыкчылыктары каршы келген кырдаалдарга туш болушу мүмкүн экенин белгилеп жатышат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 193 мамлекеттик медициналык мекеме бар.