Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана анын партиялаштары Ирина Карамушкина менен Роза Түрксевердин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызын четке какты.
«Апрель» басылмасынын маалыматына ылайык, Султанбеков сот отурумунда «соттун ачык-айрым болушу бийликке пайдалуу болмок, бирок алар чындыкты айтуудан коркуп жатышат» деп билдирди.
«Мунун баары — мыйзамсыздык. Бир сүйлөмдө беш ката. Бир барак кагаздан 20дан 40ка чейин ката табам. Мен аларга каталар жөнүндө айтсам, “каталарды оңдоого укугуң жок” деп жооп беришет»,
— деп нааразы болду саясатчы.
Буга чейин Султанбековдун тарапташтары анын ал 75 күндөн бери ачкачылык кармап, «өтө оор абалда» экенин билдиришкен. Андан мурда саясатчы милиция бөлүмүндө эс учун жогоруп жыгылган.
«Бул Кыргызстан тарыхындагы эң узакка созулган ачкачылык, анын ден соолугуна олуттуу залакасын тийгизди. Дарыгерлер бир нече жолу тез арада ооруканага жаткыруу керектигин белгилешкен, бирок абал өзгөрүүсүз бойдон калууда»,
— деп жазылган алар жарыялаган билдирүүдө.
Жаза аткаруу кызматы саясатчынын абалы «канааттандырарлык» деп, ал абакта дарыгерлердин көзөмөлүндө экенин айтууда.
Султанбеков, Карамушкина жана Түрксевер былтыр ноябрда шайлоочулардын добушун сатып алуу айыбы менен кармалган.