Шыкмаматов Мишустиндин билдирүүсүнө жооп берди

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын маморгандары орус компанияларына кысым көрсөтүп жаткандыгы тууралуу Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин билдирүүсүндө жооп берди.

АКИпресс басылмасынын маалыматына ылайык, Шыкмаматов өлкөдөгү компаниялар «жергиликтүү, чакан өлкөнүкү же ири державаныкы деп бөлүнбөстүгүн» билдирип, салык нормалары баарына бирдей иштей турганын белгиледи.

«Мамлекеттин жогорку жетекчилиги тууралуу айтып, Мишустин мырза так эместикке жол берген, ал эми "опузалоо" дегени ашыра айтууга барабар. Муну менен биздин чарбалык маселеге саясий боек берилген десек болот. Бул Мишустин мырзада так маалыматтын болбогонуна байланыштуу болушу ыктымал», — деди ал.

Шыкмаматовдун айтымында, өлкө жетекчилиги коррупцияны жоюу үчүн масштабдуу реформаларды жасап, олуттуу чараларды көрүүдө. Ал бийлик муну бардык мамлекеттик органдардан талап кылып жатканын белгиледи.

«Эгер кимдир-бирөө салыкты жашырса, тиешелүү органдар мыйзамдын алкагында иштешет. Орусияда деле ушундай. Мишустин мырза Орусиядагы ийгиликтүү ишке ашырылган салык реформасынын "атасы" катары, муну эң сонун түшүнөт деп ойлойм»,— деди Шыкмаматов.

Ал салык органдары тарабынан колдонулган талаптар менен макул болбогон салык төлөөчүлөр өз укуктарын сотко кайрылып жана апелляция берип коргосо болорун кошумчалады.

Шыкмаматовдун пикиринде, орус бизнесине «кысым көрсөтүү» маселеси — эки өлкөнүн стратегиялык мамилесине таасир этпеши керек болгон «кадимки эле чарбалык иш». Ал «бул маселенин мындай жогорку деңгээлде өтө эле саясатташып кетиши одоно болуп калганын» кошумчалады.

Буга чейин Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстандын бийлигин «орус компанияларына административдик кысым көрсөтүүнү токтотууга» чакырган. Анын айтымында, Орусия ТИМи Кыргызстанга дипломатиялык нота жөнөткөн жана анда «мыйзамсыз, кээде опузалоо мүнөзүндөгү аракеттер боюнча конкреттүү фактылар» жазылган. Мишустин ошондой эле «ак ниет» орусиялык компаниялар кыргыз экономикасын өнүктүрүк жатканын айткан.