Бишкек: Автобуста кызга ыдык көрсөткөн шектүү кармалды

Image descriptionБишкек шаардык милициясы коомдук транспортто кызга ыдык көрсөттү делген 35 жаштагы шектүүнү кармады.

Ал кармоо учурунда каршылык көрсөтүп, сөгүнгөнү үчүн «майда бейбаштык» боюнча убактылуу камакка алынганы айтылды.

«Коомдук транспорттогу окуя боюнча териштирүү жүргүзүлөт. Анын жыйынтыгында шектүүнүн аракетине карата укуктук баа берилет», — дешти милициядан.

Буга чейин соцтүйүндө белгисиз киши коомдук транспортто кызды кармалганы тартылган видео тараган. Ошондон соң милиция шектүүнү издей баштаган.