Ленин райондук милициясы жабырлануучу аларга кайрылып, мурдагы жолдошу аны коркутуп, аңдып жүргөнүн айтып бергенин билдирди.
Милиция бул боюнча «Кыйноо» беренеси менен кылмыш ишин козгогон. 38 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө уланууда.
Үй-бүлөлүк зомбулук — өлкөдөгү эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Жыл өткөн сайын үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын саны өсүүдө. Алардын басымдуу бөлүгү — аялдар.
Былтыр сегиз айда эле үй-бүлөлүк зомбулуктун 10 миңден ашык учуру катталган. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 24,1%га көп.