Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында аялын бычактап өлтүрүүгө шектелип, анын күйөөсү кармалды. Бул тууралуу 4-февралда Чүй облустук милициясы билдирди.
Окуя тууралуу 4-февралда саат 09:36 чамасында Сокулук райондук милициясына билдирүү түшкөн. Жерине барган тартип сакчылары аялдын сөөгүн табышкан.
Шектүүгө «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Милициянын маалыматы боюнча, бул үй-бүлөдөгү чыр-чатак жөнүндө 3-февралда да билдирүү түшүп, ал күнү маркум аялга коргоо ордери берилген экен.
Башкы прокуратура акыркы 2,5 жылдын ичинде Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктан 34 аял каза болгонун билдирген.