Прокуратура: Былтыр ишкердик чөйрөдөгү мыйзам бузуулардан мамлекетке 1.6 млн сом өндүрүлгөн

Image descriptionӨткөн жылы ишкердик чөйрөдө 463 мыйзам бузуу аныкталып, мамлекетке 1 млн 600 миң сом кайтарылган. Ал эми ишкерлерден түшкөн 498 арыздын 160ка чукулу канааттандырылган. Бул тууралуу Башкы прокуратрудан билдиришти.

Ошондой эле укук коргоо органдары жана салык кызматы жүргүзгөн беш миңге чукул текшерүү өтүнүчүнүн беш жүзү негизсиз деп табылып, он үчү артка чакыртылган.
Дагы 31 ишкерлерге мыйзамсыз айып салынганы аныкталып, тиешелүү адамдарга чара көрүлүп, коюлган айыптар жокко чыгарылган.

Былтыр Эл аралык ишкерлер кеңеши жыл жыйынтыгын чыгарып, өлкөдө ишкерлерди жөнү жок текшерүү, басым жана мүлктөрүн мамлекетке алуу бизнес чөйрөсүнө терс таасир эткенин кабарлаган.

Президент ишкерлерди текшерүүгө мораторий киргизгенине карабай, административдик кысым уланып жатканын, бул ишкерлер үчүн белгисиздик жаратып, алардын ишине кедергисин тийгизгенин белгилешкен.