Билим берүү министры Догдуркүл Кендирбаева Жогорку Кеңештин 6-февралдагы жыйынында «Эл үмүтү» стипендиясын алган студенттердин көбү кайтып келип, өлкөдө иштөөнү каалабай жатканын билдирди.
Кендирбаеванын айтымында, мындай көрүнүштү алдын алуу үчүн стипендия алгандар чет жактагы окуусун аяктагандан кийин милдеттүү түрдө Кыргызстанда иштейт деген талап киргизилди.
«Үч жылда стипендия алган 36 адамга 177 млн 747 миң сом жумшалды. Быйылкы жылдан баштап алардан мамлекетке иштөөсүн талап кыла баштайбыз. Буга чейин аларга эркиндик берилген экен. Окуусун бүтүп келгенден кийин Кыргызстанда иштейт, болбосо каражатты мамлекетке кайра төлөйт»,
— деди ал.
«Эл үмүтү» эл аралык стипендия программысы 2022-жылы берилип баштаган. Программа дүйнөнүн алдыңкы 100 университетинин магистратурасына же докторантурасына өткөн студенттерге каржылык колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Стипендиянын эң жогорку өлчөмү — 50 миң АКШ доллары.