6-февралда Эсептөө палатасы Саламаттык сактоо министрлигинде жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгын жарыялады.
Ага ылайык, министрликте жалпы 3,16 млрд сом каржылык мыйзам бузуу аныкталган, анын 2,34 млрд сому процедуралык, 819,7 млн сому финансылык мыйзам бузуулар.
Финансылык бузуулар:
• бюджеттин аткарылышы — 561,1 млн сом;
• мүлктү пайдалануу — 4,5 млн сом;
• эсеп жана отчеттуулук — 151,5 млн сом;
• мамлекеттик сатып алуулар — 102,4 млн сом.
Текшерүүдөн соң 111 млн сомдон ашык чыгымдын орду толтурулду. Эсептөө палатасы мыйзам бузуулар боюнча тиешелүү органдарга буйрук жана сунуштарды жөнөттү.