Кенесары тууралуу кызуу талкуу: УКМК Кайрат Примбердиевдин өлкөдөн чыгуусуна тыюу салды

Image descriptionМындай өкүмгө Примбердиевге «Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу» боюнча иш козголгону негиз болду.

Атайын кызматтан ал казактардын «Айран» youtube каналында улут аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүү жасаганын айтышты.

Буга чейин ырчы аталган берүүдө Кенесарынын өлүмүнө байаныштуу өз атынан казак элинен кечирим сураган. Ал Ормон хан Кенесарыны «өлтүрүүгө мажбур болгонун» белгилеп, окуянын чоо-жайын түшүндүргөн.

Кийин маданият министиринин орун басары Марат Тагаев ырчыны сындаган. Ал «мындай көрүнүш жана коңшу өлкөлөрдөн пропагандасы жаштар менен маданият ишмерлерине таасир этип жатканын» айткан.

Кенесары — ХIX кылымдагы казак хандарынын бири. Казакстанда аны улуттук боштондук кыймылынын лидери дешсе, кыргыз тарыхчылары 1845-жылдан баштап кыргыздарга кол салып, зомбулук кылганын белгилешет. 1847-жылы Ормон хан башында турган кыргыздар аны туткундап, кийин өлтүрүлгөнү айтылат.