ТИМ Европарламент өкүлдөрүнүн сапары жүйөлүү себеп менен жылдырылганын билдирди

8-февралда Тышкы иштер министрлиги Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлү Ханс Фарнхаммер менен жолугушуу өткөрдү. Анда Европарламенттин Адам укуктары боюнча комитетинин өкүлдөрүнүн сапарынын жылдырылышы боюнча түшүндүрмө берилди.

ТИМдин билдирүүсүндө кыргыз тарап комитеттин төрагасы Мунир Сатуринин 7-февралдагы билдирүүсүндө маалымат туура эмес берилип калганын жана делегациянын сапары жүйөлүү себептерден улам жылдырылганы айтылды.

«Сапардын так мөөнөтү алдын ала макулдашылбагандыктан жана тышкы саясий иш-чаралардын графиги тыгыз болгондуктан аны кийинки убакытка жылдыруу сунушталган»,
— деп жазылган маалыматта.

Министрликтен президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Евпопарламенттин өкүлдөрү каалаган убагында Кыргызстанга келип, өлкөдөгү кырдаал менен таанышып кетүү үчүн чакыруу тапшырмасын бергенин кошумчалашты.

Буга чейин Сатури делегациянын 25-28-февралга пландалган сапары болбой калганын жана бул өкүнүч жаратарын, күтүүсүз болгонун билдирген.

Ал эми декабрда Европарламент Кыргызстандагы адам укуктарынын абалы боюнча резолюция кабыл алып, өлкө демократия жолунан тайып баратканын белгилеген.

Кыргызстандын ТИМи бул дооматтарды четке кагып, резолюцияны сот жана укук коргоо органдарына кысым көрсөтүү аракети катары баалаган.