10-февралда УКМК Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Юруслан Тойчубековду MCN Coin иши боюнча кармады. Бул тууралуу «Клоопко» күч түзүмдөрүндөгү булактар маалымдады.
Ал каржы пирамидасын түзгөн деп айыпталууда.
Kaktus.media'нын маалыматына ылайык, Тойчубеков менен кошо дагы бир адам кармалган.
Милициянын маалыматы боюнча, MCN Coin'дон жабыркаган 898 жаранга жалпы суммасы 1,7 миллион доллардан ашык компенсация төлөнгөн.
Февралдын башында MCN Coin криптоактивинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков буга чейин мыйзамсыз иш жүргүзүп келгенин, өлкөдөгү бардык аймактарды кыдырып, элден акча чогултканын моюнга алган. Ошондой эле, долбоордун жүрүшүндө 2,5 миллион доллар топтой алышканын билдирген.
Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, MCN Coin Кыргызстанда расмий каттоодон өткөн эмес.