Президент Бакиевдин аппаратынын экс-жетекчиси Медет Садыркуловдун өлүмүнө күнөөлөнүп жаткан жети айыпталуучунун беши 5 жылдан 18 жылга чейин эркинен ажыратылды. Калган экөөсү мунапыс боюнча бошотулду. Коргоочу тарап менен айыптоочу тарап бул чечим менен макул эмес жана ал боюнча жогорку инстанциядагы сотко даттанууну көздөп жатышат.
Катаал режимдеги абакка 18 жылга эркинен ажыратылгандар:
- Мамлекеттик күзөт кызматынын мурунку кызматкери Марат Турдукулов;
- Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү Садык Бөрүбаев.
Экөө тең Медет Садыркуловдун уурдалып, андан кийин өлтүрүлгөндүгүнө айыпталып жатышат. Бөрүбаев ошондой эле унаа кырсыгын атайын уюштурууга катышкан деп күнөөлөнүп жатат - алгач Садыркулов унаа кырсыгынан каза болгон деген версия айтылган.
Катаал режимдеги абакка 15 жылга соттолгондор:
- Ички иштер министрлигинин атайын тобунун мурдагы кызматкери Эргешбек Маткайымов;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин «Альфа» тобунун мурунку оперативдик кызматкери Бакыт Байженов.
Алар да саясатчыны өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөнүштү.
Чек ара кызматынын экс-жетекчиси Замир Молдошев мүлкүн мамлекеттин пайдасына алуу менен катаал режимдеги абакка беш жылга кесилди. Мамлекеттик кузөт кызматынын төрагасынын мурунку орун басары Нурлан Темирбаев менен Жаныш Бакиевдин мурунку айдоочусу Азиз Кожошевдер Убактылуу өкмөттүн мунапысы аркылуу акталып чыгышты.
Күзөт кызматынын мурунку офицери Абдыкалык Жапаров менен Ички иштер министрлигинин Свердлов райондук бөлүмүнүн мурунку оперативдүү кызматкери Тынычбек Маматовдор соттун буга чейинки жыйындарында мунапыс боюнча кое берилген.
Коргоочу тараптын жактоочулары менен айыптоочу тарап соттун бул чечимге макул эмес.
«Соттун чечими чыгарылды, бул өтө аз жетишкендик эмес. Жыйынтык чыгарууга эрте: соттун өкүмүн алып, аны анализдөө керек. Бирок мен чыгарылган өкүмдү жумшак болуп калды деп эсептейм. Биз иштин материалдарына таянып, чечим боюнча даттанабыз», деди Садыркуловдордун үй-бүлөсүнүн соттогу өкүлү Леонид Лужанский.
Коргоочу тараптын жактоочуларынын бири Икрамидин Айткуловдун айтымында, сот тарабынан сот жообуна тартылып жаткандардын көрсөтмөлөрү «кыйноого алуу» жолдору менен алынгандыгы эске алган эмес.
«Биз бул чечим боюнча даттанабыз. Бул мени эки ача сезимде калтырды: бир четинен айыптоочу тараптын көпчүлүк пункту негиздүү жол менен алынып салынган, бирок ошол эле маалда айыптоолордун бир бөлүгү - өзгөчө оорлору калтырылган. Сот айыпталып жаткандар моюнуна алуу боюнча көрсөтмөлөрүн кыйноолор аркылуу бергендиктерин эске алган жок жана алар өкүмдүн негизи болуп бере албайт», — деди Айткулов.
Садыркуловдун өлүмү
Садыркулов кызматынан кеткенден көп өтпөй эле 2009-жылдын март айында каза болгон.
Алгач, Кыргызстандын укук коргоо органдары Садыркулов Бишкектин четиндеги унаа кырсынын айынан – ал бараткан джип «Лексус» менен жеңил «Ауди» унаасы сүзүшкөндө каза болгон, деп билдиришкен.
Садыркуловдун тарапташтары ошондо эле 2007-жылдан бери Бакиевдин бийлигинин жана “Ак жол” партиясынын үстөмдүгүнүн орношуна чоң салым кошкон саясатчыны атайын өлтүрүштү деген версияны айтып чыгышкан.
Кийин, 2010-жылдагы революциядан кийин укук коргоо органдары унаа кырсыгы атайын эле уюштурулган жана Садыркулов президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиевдин буйрутмасы менен өлтүрүлгөн деген версияны айтышкан.
Мүмкүн болгон унаа кырсыгынын күбөлөрүнүн бири - кырсыкка күнөөлүү деп табылган «Ауди» унаасынын айдоочусу 2010-жылдын апрелинде табышмактуу кырдаалда Бишкектин четинде өлтүрүлгөн.
Садыркуловдун өлүмү боюнча соттук териштирүүлөр 2011-жылы башталган.
Автор: Хлоя Гейне
Редактор: Александра Ли