Бишкектеги жүрөк хирургиясы илимий-изилдөө институтунда өрт чыгып, эки адам каза болду

Image description11-февраль күнү кечинде Бишкектеги Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтунда өрт чыкты. Анын кесепетинен эки киши каза таап, дагы тогуз адам реанимацияда, алардын жетөө — балдар.

Оорукананын имаратынан жалпы 260 адам эвакуацияланган. ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт саат 21:00 чамасында башталып, 23:15те толук өчүрүлгөн. Учурда тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.

«Өрт жер төлөдөн чыккан. Жалпы 47 бейтап бар болчу, алардын 22си — балдар. Бардык бейтаптар эвакуацияланып, жакын жердеги Улуттук кордиология борборуна жаткырылган. Тилекке каршы эки бейтап реанимациялык иш учурунда каза тапты»,
— деди саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев.  

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бул ишти жеке көзөмөлүнө алып, ведомстволор аралык комиссия түзүү боюнча тапшырма берди.