Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү, милициянын капитаны 10 миң АКШ доллары өлчөмүндө пара алууга шектелип кармалды. Бул тууралуу 12-февралда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кармоо УКМКнын жана ИИМ тарабынан жүргүзүлдү. Шектүү Биринчи май райондук сотунун чечими менен тергөө абагына киргизилди.
Учурда тергөө уланууда, пара алуу фактысына тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.