Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Надира Нарматова Бишкектеги №72 мектепте 8-класстын окуучусу дааратканада сабалып ооруканага түшүп, кийин каза болуп калганын кабарлады.
Анын айтымында, маркумдун жакындары мектеп жетекчилиги, мугалимдер жана милиция окуяга кайдыгер мамиле кылганын айтып нааразы болушууда.
Маркумдун атасы Бишкектин Ленин райондук милициясына арыз менен кайрылып, мектеп окуучулары менен мугалимдерге чара көрүүнү өтүнгөн.
Окуяны райондук милиция каттоого алып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Милиция бул ишти териштирип, жыйынтыгында тиешелүү чечим кабыл алышарын билдирди.
Буга чейин да соцтүйүндө Бишкектин Арча-Бешик конушундагы мектепте балдар дааратканада окуучуну уруп жаткан видео тараган. Андан мурда борбор калаадагы 13-гимназияда да зомбулук учуру катталган.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик органдарды мектептерде балдардын коопсуздугун камсыздоо, зомбулкту алдын алуу чараларын күчөтүүгө чакырган.