Бишкек: Райондук милициядагы мыйзам бузуулардан улам 8 жетекчи тартиптик жазага тартылды

Image descriptionБишкектин Октябрь райондук милициясындагы мыйзам бузуулар боюнча кызматтык териштирүү жүрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ага ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Токтоналиевге жана анын орун басарларына катуу сөгүш берилди.
Мындан тышкары шаардык милициянын Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысы Улан Бердибаев жана Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы Гайрат Рахмановго эскертүү берилди. Ал эми Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Айдакеев иштен алынды.

Октябрь райондук милициясындагы так кайсыл мыйзам бузуулар үчүн жетекчилер жазага тартылганы ачыкталган жок. Ал эми калаадагы милиция бөлүмдөрүндө мыйзам бузууларды алдын алуу үчүн аларды көзөмөлдөгөн кошумча кызмат орду түзүлгөнү белгиленди.

Буга чейин Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери 24 жаштагы кызды зордуктоого шектелип кармалганы айтылган.