12-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Каратай айылында №39 орто мектептин 9-классынын окуучусу мектептин алдында эсин жоготуп жыгылып, каза болгон.
Ош облустук милициясынын маалыматына ылайык, окуучулар арасында пикир келишпестик чыгып, маркум ур-токмокко алынган.
Бул факт каттоого алынып, тергөө чейинки текшерүү иштери башталды. Өлүмдүн себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка оор залал келтирүү» беренеси менен иш козголгон.
Тергөөнүн алгачкы маалыматтары боюнча 2007-жылы туулган ошол эле мектептин окуучусу тарабынан маркум сабалганы аныкталган. Өспүрүм кылмышка шектелип кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө уланууда.