Биринчи май райондук соту MCN Сoin иши боюнча кармалган Каржы рыногун көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековду 5-апрелге чейин камакка алды.
Тойчубеков «каржы пирамидаларын уюштурган» деп айыпталууда.
Февралдын башында MCN Coin криптоактивинин негиздөөчүлөрүнүн бири Исрадин Субанбеков буга чейин мыйзамсыз иш жүргүзүп келгенин, өлкөдөгү бардык аймакты кыдырып, элден акча чогултканын моюндаган.
Ал долбоордун жүрүшүндө элден 2,5 миллион доллар топтой алышканын, бирок аны кайра кайтарып бере албасын айткан.
Көп өтпөй MCN Coin'дон жабыркаган 898 жаранга жалпы суммасы 1,7 миллион доллардан ашык компенсация төлөнгөнү айтылган.
Ал эми MCN Coin иши боюнча Тойчубеков менен кошо дагы бир киши кармалганы айтылган.