73 жаш курагында журналист Нарын Айып көз жумду. «Азаттыктын» маалыматына ылайык, ал иштеп жаткан жеринен өзүн жаман сезип, жүрөгү кармап калган.
Нарын Айып кыргыз журналистикасынын көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири катары анын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Ал акыркы жылдары «7-каналда» башкы редактор болуп иштеп жаткан.
«Клооп» басылмасынын жамааты анын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.