14-февралда билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева менен ички иштер министри Улан Ниязбеков өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларды алдын алуу жана мектептерде коопсуздукту камсыздоо маселесин талкуулады.
Анда өлкөдөгү ар бир мектепке окуучулар менен иштей турчу инспекторлорду дайындоо чечимин кабыл алынды. Алар өспүрүмдөргө укуктун негизлерин түшүндүрүп, чыр-чатактарды алдын алат.
«Бул окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, кыйынчылыкка кептелген балдарды аныктап, мугалимдер менен өз ара аракеттенүүгө мүмкүндүк берет»,— дешти мекемеден.
Ошондой эле министрликтер мектептерге видеобайкоо менен коопсуздук баскычтарын орнотуу боюнча иш алып барууда.
Акыркы учурда өлкөдөгү мектептерде зомбулук учурлары байма-бай катталууда. Буга чейин Кара-Суу районунда жана Бишкекте мектеп окуучучу ур-токмоктон каза капкан. Ага чейин борбор калаадагы дагы эки мектепте зомбулук учуру катталган.