Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Ал үчүн Finik мобилдик колдонмосу иштелип чыкты. Аны түшүндүрүү максатында Нарын облусунда баш жана аймактык имамдар үчүн атайын жыйын өтүп, ага муфтияттын башкы эсепчиси, мечиттер бөлүмүнүн башчысы жана колдонмо боюнча маалымат берген адистер катышты.
«QR-код аркылуу төлөмдөр түздөн-түз жеке эсепке түшүп, ар бир тыйындын туура дарекке жетишин камсыздайт. Finik колдонмосу бардык төлөмдөр тууралуу толук маалыматты дароо көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт»,
— деди адис Эсен Сагынов.
Жыйындан соң бул система мечит жамааттарына чоң пайда алып келери белгиленип, өлкөдөгү бардык аймакка жайылтуу чечими кабыл алынды.
Бирит-садака — бул жакшы ниет менен кылынган кайрымдуулук. Рамазан айында мусулмандар үчүн милдеттүү болгон садака муктаждарга берилет жана орозонун кемчилигин толуктоо максатында жасалат. Анын өлчөмүн жыл сайын муфтият бекитет.