Өзгөндө окуучулар мушташа кетип, бир бала ооруканага түштү

Image descriptionОш облустук милициясы Өзгөн районундагы №34 мектептин 11-классынын окуучулары пикир келишпестиктен улам мушташа кетип, 17 жаштагы өспүрүм ооруканага жеткирилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя боюнча милицияга 14-февралда маалымат түшкөн. Бул окуя каттоого алынып, «Бейбаштык» беренеси менен  кылмыш иши козголгон.

Жабыркыган окуучуга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Буга чейин өлкөдөгү бир нече мектепте зомбулук учуру катталып, эки окуучу каза тапты. Соцтүйүндө окуучулар арасындагы мушташ жана уруш-талаш тууралуу видеолор тарап, коомдо окуучулардын коопсуздугу маселеси көтөрүлүүдө.