Ошто адам уурдап, 190 миң сом талап кылууга шектелген үч киши кармалды

Image descriptionБул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-январда Ак-Тилек кичи районунда белгисиз адамдар жабырлануучуну Daewoo Tico унаасына салып, Өзгөн районуна алып кетишкен. Ал жерде аны эки сутка кармап, 190 миң сомду мобилдик капчыкка которууга мажбурлашкан.

Бул иш боюнча «Адам уурдоо» беренеси менен кылмыш иши козголуп, шектүү катары 34, 35 жаштагы үч киши кармалып, алардын бири убактылуу кармоочу жайга киргизилди.