Тиешелүү токтомго минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиев 14-февралда кол койгон. Токтом 6-мартта күчүнө кирет.
Ага ылайык, эстеликтер 0,7 метрден бийик болбошу керек. Ошондой эле гранит, мрамор, темирден жасалган тосмолорду жана баалуу таштарды колдонууга тыюу салынат. Мындай чектөөлөр маркумдун жынысы, дини, социалдык абалы же этникалык тегине карабайт.
Эстелик орнотуу үчүн жергиликтүү бийликке жазуу жүзүндө кайрылуу зарыл. Анда маркумдун аты-жөнү, төрөлгөн-өлгөн күнү, каза болгону тууралуу күбөлүк менен кайсыл жерге коюлары тууралуу маалымат тиркелиши керек.
Эстелик катары жыгач же темирден жасалган жупуну тосмолорду колдонсо болот. Ага маркумдун аты-жөнүнөн тышкары диний белгилерди колдонууга уруксат берилет.
Буга чейин президент ушундай эле жарлыкка кол койгон. Ал өлкөдө түз жерлер аз экенин, эгер сөөк коюлган жерлер кайра иштетилбесе азык-түлүк көйгөйү жаралып, элди үй менен камсыздоо маселеси курчуй турганын айткан.