«Ынтымак Ордодо» өткөн президенттик администрациянын отурумунда бир катар министрлер, алардын орун басарлары сөгүш угуп, айрым кызматкерлер иштен четтетилди.
Минкабдын төрагасы Адылбек Касымалиевдин айтымында, кээ бир кызматкерлер милдеттерин толук аткарбай, мекеменин иш пландарын талаптагыдай жүргүзбөй жана негизсиз командировкага чыккан.
Ишиндеги кемчиликтери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы үчүн министрликте жетекчи жана орун басар болуп иштеген жалпы 18 киши тартиптик жазага тартылды:
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Машиев — катуу сөгүш;
- Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары Клим Омельченко — сөгүш;
- Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Сергей Слесарев — сөгүш;
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары Мухтарбек Баймурзаев — сөгүш;
- Билим берүү министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев — сөгүш;
- Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары Кубат Касеинов — сөгүш;
- Маданият министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев — сөгүш;
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Кыял Жанузакова — сөгүш;
- Коргоо министринин биринчи орун басары Эрлис Тердикбаев — сөгүш;
- Саламаттык сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева — сөгүш;
- Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов — сөгүш;
- Энергетика министринин орун басары Нурлан Садыков — сөгүш;
- Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Максатбек Саргазаков — сөгүш;
- Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары Мирлан Үсөнканов — сөгүш;
- Жаратылыш ресурстары министринин орун басары Асел Раимкулова — катуу сөгүш;
- Айыл чарба министринин орун басары Самат Насирдинов — катуу сөгүш;
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу — катуу сөгүш;
- Айыл чарба министринин орун басары Алмазбек Сокеев — иштен алынды.
Негизсиз командировкага кеткени үчүн министрликте жетекчи жана орун басар болуп иштеген төмөнкү кызматкерлер жазаланып, айрымарын тартиптик жазага тартуу сунушталды:
- Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева — эскертүү;
- Билим берүү министринин орун басары Лира Самыкбаева — катуу сөгүш;
- Билим берүү министринин орун басары Расул Абазбек уулу — иштен алынды;
- Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Козуев — катуу сөгүш берүү сунушу;
- Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Нурзада Касымова — катуу сөгүш берүү сунушу;
- Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо секторунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Дамира Алибаева — кызматтан бошотуу сунушу;
- Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуудан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Айнур Исираилова — катуу сөгүш берүү сунушу.
Мамлекеттик мекеменин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талаптагыдай жүргүзбөгөнү үчүн төмөнкү аткаминерлер тартиптик жазага тартылды:
- Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков — сөгүш;
- Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Адыл Сапаров — сөгүш;
- Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Кадырбек Аджиев — сөгүш;
- Жети-Өгүз районунун акиминин орун басары Жыпаргүл Бектемирова — сөгүш;
- Токтогул районунун акими Акылбек Тюкебаев — сөгүш;
- Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров — сөгүш;
- Панфилов районунун акими Бекмат Масаидов — сөгүш;
- Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов — сөгүш;
- Жети-Өгүз районунун акиминин биринчи орун басары Батырбекова — сөгүш;
- Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров — катуу сөгүш;
- Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев — катуу сөгүш;
- Нарын районунун акими – Нуридин Мадимаров — катуу сөгүш;
- Жети-Өгүз районунун акими Эрмек Бахавидинов — катуу сөгүш;
- Манас районунун акиминин орун басары Айгүл Батырбекова — катуу сөгүш;
- Баткен районунун акиминин биринчи орун басары Таалайбек Ибраимов — иштен алынды;
- Баткен районунун акиминин орун басары Кишимжан Кыдырова — иштен алынды;
- Кадамжай районунун акиминин орун басары Мээрихан Асанова — иштен алынды;
- Токтогул районунун акиминин орун басары Айна Нават кызы — иштен алынды;
- Нарын районунун акиминин биринчи орун басары Туратбек Кулешов — иштен алынды;
- Талас районунун акиминин орун басары Адилет Жолдошев — иштен алынды;
- Кара-Кулжа акиминин орун басары Мусамамат Кокоев — иштен алынды;
Мындан тышкары бир катар жетекчилерди жана кызматкерлерди тартиптик жазага тартуу боюнча президент Садыр Жапаровго сунуштар берилди.