Камчыбек Ташиев Баткен районундагы Достук айылы жаңы салынган үйлөрү менен кошо толугу менен Тажикстанга өткөрүлгөнүн билдирди.
«Достук — эң алыскы айыл жана анын эч кандай стратегиялык же экономикалык пайдасы жок жумшак айтканда. 91 га бердик, 91 га алдык.
Андан тышкары Достук айылын кайра баштан курганыбызды айттык. Ал жерде жаны үйлөр,
чек ара заставасы бар болчу. Биз дагы Кайрагачтагы Тажикстандын чек ара
заставасын алдык. Жаны уйлөр, чек ара заставасы үчүн компенсация катары Лаккон участогунан 30 гектар сугат жер алынды.
Үйлөрдү бузса, курса болот, бирок жер баасыз экенин билесиңер. 30 гектарды Кара-Бак айылынын жанынан алдык. Элди ал жерге
Көчүрүп, үй куруп беребиз», — деди ал.