Депутат Айжигитов Достук айылын берүүгө каршы чыкты

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы жөнүндөгү макулдашуу менен таанышып чыкканын айтып, бир катар маселени кайра кароону сунуштады. Эл өкүлү бул тууралуу парламенттин 5-марттагы жыйынында билдирди.

Айжигитовдун пикири боюнча, кыргыз-тажик чек арасын жөнгө салуу боюнча келишимдин долбоорунун 12-беренесинде «бул келишимдин мөөнөтү жок жана кайра кароого жатпайт» деп көрсөтүлгөн. Ал мындай белгилөөнү, азыркы учурда сунушталып жаткан документ бекитилсе, Тажикстан Ворух анклавына коридор алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот деп эсептейт.

«Ворух анклавына коридор ачууга бөгөт болгон эки негизги тоскоолдук бар эле. Биринчиси – Достук айылы. Экинчиси – Ходжаи Аъло – Аксай – Ворух ошол жолдун участогу бизге караштуу болуп турган. Азыр келишим боюнча тажиктер Достук айылын толугу менен бизге бергиле деп бекеринен талап койгон эмес. Биз ага макул болуп, бул тоскоолдукту алып салып жатабыз. Достук айылынын стратегиялык мааниси – дал ошол коридорго жол бербегенинде. Андан тышкары, чек араны ошол аймакта жашаган эл коргоп турганы болчу»,
— деди Айжигитов.

Эл өкүлү Достук айылын Кыргызстанда калтырып, Достук – Ак-Сай – Ворух жолун кедергисиз биргелешип колдонуу тууралуу келишим түзүүнү сунуштады.

27-февралда Жогорку Кеңештин комитеттик жыйынында делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимдер каралып, колдоого алынган.