Ош: Окуучу коомдук транспортто ыдык көргөнүн айтты, милиция териштирүүнү баштады

Ош шаарындагы автобустардын биринде окуучу бала ыдыкка кабылганын «Клоопко» жакындары билдирди. Алар ыдык көрсөткөн адамдын жазаланышын талап кылышууда.

Алар жиберген видеодо болжол менен 50дөн ашкан эркек киши окуучу баланын буттарын кармалаганын көрүүгө болот.

«Иним мага автобуста бир эркек киши аны кармалап, андан кийин жанында отурууга мажбурлап, жийиркеничтүү сөздөрдү айтканын айтты. Балдар 14-16 жаштагы окуучулар. Бул чынында педофилия. Эгер азыр кандайдыр бир чара көрбөсө, ал келечекте зордуктоого барышы мүмкүн. Же өзүнүн жаш балдарга карата ыплас аракеттерин токтотпошу мүмкүн. Ал бул аракеттери үчүн жоопко тартылышын каалайм»,— деди Ош шаарынын тургуну.

Ош ШИИБи бул окуя боюнча териштирүү жүрөрүн билдирди.